01:03, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кикбоксчу Авазбек Аманбеков 1 айда эки жолу дүйнө чемпиону болду

На русском
17:47, 2 бештин айы 2019 65

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту. Чемпионат (WAKO версиясы) 30-ноябрда Түркиянын Анталия шаарында өттү.

Аманбеков 57 килограммга (фулл-контакт дициплинасы) чейинки спортчулар арасында күч сынады. Ал беттешти чейрек финалда баштап, мавританиялык Мишель Баулукту 2:1 эсебинде жеңди. Кыргызстандык спортчу Марокконун өкүлүн да утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү беттеште түркмөнстандык спортчуну жеңип, чемпион аталды.

Авазбек Аманбеков6

Ушул жылдын октябрь айында Аманбеков Босния жана Герцеговинада өткөн турнирде дүйнө чемпиону (лоу-кик дисциплинасы) болгон. Ал бул чемпионатта 4 жолу катары менен жеңишке жеткен, тактап айтканда Палестина, Мавритания, Америка жана Түркиянын спортчуларын уткан. Ал эми финалдык беттеш 26-октябрда өткөн.

Авазбек Аманбеков2

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком