21:37, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кербендиктерди таза суу менен камсыздоочу долбоор 6,5 млн еврого жетти

17:40, 2 бештин айы 2019 57

Баракелде -  Жалал-Абаддагы Кербен шаарын суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү максатындагы 6,5 млн евро көлөмдөгү каражат 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилет. Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумун калыбына келтирүү» долбоору боюнча Кредиттик макулдашуу жана «Кербен шаарындагы суу менен жабдуу жана Инвестициялык гранттык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү – 3 жыл. Каражаттын ичинен 2,5 млн евро жеңилдетилген насыя болсо, 4 млн евро грант болуп саналат.
Долбоордун жыйынтыгы менен 27620 адамды таза суу менен камсыздоо максаты бар.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком