23:15, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Вице-мэр, депутат, эмгек министри: Мира Жангарачева кандай кызматтарда эмгектенген?

На русском
17:04, 2 бештин айы 2019 123
Мира Джангарачева
Мира Джангарачева

Баракелде -  Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева аталган музейде жылаңач аялдардын көргөзмөсү көрсөтүлгөнү үчүн жумушунан бошотулду. Ал 2019-жылдын 19-июнунда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси болуп дайындалган.

Жангарачева Мира Камилевна 1952-жылы туулган.

Билими

- 1969-1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультети. Адистиги — тарых жана социалдык илимдер боюнча мугалим;

- 1978-1981-жылы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети. Философиялык илимдин кандидаты. Доцент.

Фейсбук социалдык түйүндөгү баракчасында София университетинде философияны окуганын белгилеген.

Эмгек жолу

- 1974-1992-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда окутуучу, кафедранын башчысы, декан;

- 1992-1995-жылдары социалдык маселелер боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри;

- 1995-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;

- 1996-жылы социалдык саясат боюнча вице-премьер-министр;

- 1997-жылы Президенттик администрациянын социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси;

- 1998-1999-жылдары социалдык коргоо жана эмгек министри;

- 1999-жылы социалдык маселелер боюнча Чүй облусунун губернаторунун орун басары;

- 2000-жылы жеке секторго кеткен. 2015-жылга чейин БУУнун Өнүктүрүү программасында менеджер болуп эмгектенген.

«Дос-Кредобанк» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком