22:41, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Россияда турмушка чыккан келинди төркүнү жана кайын журту 2 жаштагы баласы менен үйдөн кууп чыгышкан. Сүрөт

На русском
15:07, 2 бештин айы 2019 75

Баракелде -  37 жаштагы Мунажат Юлдашева ушул жылдын май айынан бери 2,5 жаштагы баласы менен көчөдө калганын айтууда. Ал аймактык кабарчыга барар жери жок болгондуктан, ар кимдин үйүндө убактылуу баш калкалап жүргөнүн, баласынын саламаттыгы күн санап начарлап жатканын билдирди.

М.Юлдашева жолдошу менен 2016-жылы Россиянын Москва шаарында баш кошкон.

«Жолдошум менен 2016-жылы таанышкам. Кийин анын сунушу менен баш кошконбуз. 1 жыл өткөндөн кийин балалуу болуп, уулубузга Шерзат деген ысым койгонбуз. Жолдошум баланы менин атыма жаздырууну суранган. Ушул жылдын февраль айында "Кыргызстанга барып тур. Аркаңан барып үйгө алып кетем" деп мени жөнөтүп жиберген. 2019-жылы февраль айында ата-энеме баргам. Май айына чейин Ала-Букада ата-энемдин үйүндө жашадым. Жолдошум мени үйдөн алып кетүүдөн баш тартканда ата-энем мени үйдөн чыгарып койду. Май айында аргасыз Кара-Кулжага жолдошумдун үйүнө бардым. Алар мени, баламды дагы кабыл алышкан жок. Ур-тепкиге алышты. Бирок мен ал жерден чыкпай, 1 ай жашагандан кийин кууп чыгарышты. Июнь айынан бери колумдагы балам менен тилемчилик кылып, ар жерде жалданып иштеп жүрөм», - деди Мунажат Юлдашева.

Ал учурда Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашап жүрөт. Суукта баласынын саламаттыгынан кооптонуп жатканын белгиледи.

«Балам 2,5 жашка чыгып калды. Төрөлгөндө эле жүрөгү оорулуу болчу. Дарыгерлер баланын ден соолугун жакшы караш керек экенин айтып келишет. Бирок баламды дарыгерлерге каратканга шартым жок. Жолдошум бизди ара жолго калтырып кетти. Ата-энемдин алдына бара албайм. 26-27-ноябрда суукта 2 күн көчөдө калып калганыбызды көрүп, бир эже бизди үйүнө алып барды. Бул жерде убактылуу жашап жатабыз. Кайра кетишибиз керек. Кышында кайда барарымды билбей жатам», - дейт М.Юлдашева.

Ал жолдошунан алимент төлөтүү үчүн Кара-Кулжа райондук сотуна даттанган, бирок жооп ала алган эмес. М.Юлдашева нике күбөлүгүнүн жоктогу ага көйгөй жаратып жатканын кошумчалады.

«Жолдошум менен жарандык никеде жашаганбыз. Ал нике күбөлүгүн мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга барганда алабыз деген. Эми тиешелүү жерлерге кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай жатат. Балам менен иштей албай жатам. Мамлекеттен жардам берүүсүн суранам», - деди М.Юлдашева.

Ал жолдошу башка аялга үйлөнүп алганын да айтты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком