22:32, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Садыр Жапаровдун ырайым сураган кайрылуусу ЖАМКтын каттоосунда турат

На русском
14:47, 2 бештин айы 2019 111
Садыр Жапаров
Садыр Жапаров
// АКИpress

Баракелде -  Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун ырайым сураган кайрылуусу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын каттоосунда турат. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда АКИpress агенттигине президенттин алдындагы ырайым кылуу маселеси боюнча комиссиянын катчылыгынан билдиришти.

«Бардык тийиштүү процедуралардан кийин материалдар Президенттик аппаратка жөнөтүлүп, мыйзамдын ченеминде каралат», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жактоочу Шарабидин Токтосунов Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сураган кайрылуусун жолдогонун билдирген.

--------------------------------------

30-апрелде Жогорку сотто Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун иши каралган. Анда экс-депутаттын жазасы кыскартылганы айтылган. Тактап айтканда, 11 жыл 6 ай мөөнөттөгү жаза 10 жыл деп кыскартылган. Ал 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта.

Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымта уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком