Бишкекте фамилиясы ката жазылган А.Иваницындын эстелиги оңдоло элек. Сүрөт
На русскомАКИpress - Бишкек шаарында 55 жылдан бери фамилиясы ката жазылган Алексей Иваницындын эстелиги дагы деле оңдолгон жок. Буга чейин Бишкек шаардык кеңештин отурумунда Алексей Иваницындын фамилиясы туура эмес — Иваницин деп жазылганы маалымдалып, бул тууралуу талкууланган болчу.
12-ноябрда Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Татьяна Кузнецова ката 2 жуманын ичинде оңдолорун билдирген. Бирок бүгүн, 2-декабрь, ката дагы деле оңдолгон эмес.
Отурумда депутат Сайдахмат Исмаилов бул катаны оңдоо керек экенин белгилеп: «Адамга эстелик орнотуп, фамилиясын ката жазган уят нерсе. Чындыгында уят болдук», - деген.
Иваницын Алексей Илларионовичтин эстелиги Эркиндик бульвары менен Жумабеков көчөсүнүн келишине 1957-жылы орнотулган.