22:12, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандык кикбоксчу коло медаль тагынды

На русском
13:41, 2 бештин айы 2019 75
Рустам Ибрагимов
Рустам Ибрагимов

Баракелде -  Кыргызстандык спортчу Рустам Ибрагимов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Чемпионат (WAKO версиясы) Түркиянын Анталия шаарында өткөн.

Ибрагимов 60 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынады. Ал беттешти 1/8 финалда баштап, 2 жолу жеңишке жетүү менен жарым финалга чыкты. 1/2 финалда Ибрагимов Казакстандын спортчусу Жандос Назарбеков менен беттешип, бирок утулуп калды. Жыйынтыгында 3-орунга ээ болуп, коло медалдын ээси болду.

---------------------------------------------

Буга чейин аталган турнирде Авазбек Аманбеков 57 килограммга чейинки спортчулар арасында күч сынап, 1-орунду алган болчу. Ал беттешти чейрек финалда баштап, мавританиялык Мишель Баулукту 2:1 эсебинде жеңди. Кыргызстандык спортчу Марокконун өкүлүн да утуп, финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү беттеште түркмөнстандык спортчуну жеңип, чемпион аталган.Авазбек Аманбеков

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком