22:18, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Кумтөрдө жер көчкүнүн алдынан 2 унаа табылды. Жоголгон жумушчулар изделүүдө

На русском
12:56, 2 бештин айы 2019 46

Баракелде -  Кумтөр алтын кенинин аймагындагы жер көчкүнүн алдынан эки унаа табылды. Буга чейин жоголгон эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жети-Өгүз районундагы Кумтөр алтын кенинин аймагында 1-декабрь күнү жер көчкү жүргөн. Ошол эле күнү таңкы саат 5:00 чамасында ишкананын 2 кызматкери дайынсыз жоголгон. Аларды издөө иштерине 40ка жакын куткаруучу, милиция жана ишкананын кызматкерлери, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү тартылды.

Ошондой эле окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлерибарышкан.

Жоголгон кызматкерлер: 1984-жылы туулган жумушчу (мастер) И.О. жана 1972-жылы туулган бульдозердин айдоочусу Ж.Ж.. Алар түнкү нөөмөттө иштеп жатышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком