23:06, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Музейдеги жылаңач аялдардын көргөзмөсүнөн сүрөттөр. (+16)

12:45, 2 бештин айы 2019 5571

Баракелде -  Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Кормилица» деп аталган эл аралык заманбап искусство көргөзмө феминалле өткөрүлдү. Бул көргөзмөнүн негизги максаты аялдардын экономикалык жактан эркиндиги, алардын укуктары жөнүндө коомчулуктун көңүлүн буруу болгон.

«Феминалле» деген сөздү уюштуруучулар өздөрү ойлоп табышкан. «Биеннале» көркөм сүрөт көргөзмөсү же фестиваль, «феминизм» аялдардын укугун коргоо дегенди билдирет.

Мындан сырткары көргөзмөдө «Перфоманс Julie Savery» уюштурулуп, анда аялдар жылаңач басып, акырындан эл алдында кийинишкен. Мунун мааниси аялдардын укуктарын коргоо болгон.

Бул окуядан кийин бүгүн, 2-декабрда маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов аталган музейдин директору Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка кол койду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком