22:55, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жылаңач аялдардын көргөзмөсүнөн кийин кызматтан кеткен директор: Коопсуздук үчүн ушундай чечим кабыл алдым

На русскомEnglish
12:27, 2 бештин айы 2019 313
Выставка  «Феминалле современного искусства «Кормилицы»
Выставка «Феминалле современного искусства «Кормилицы»

Баракелде -  Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси Мира Жангарачева кызмат ордун бошотуусунун себебин АКИpress агенттигине айтып берди. Бул музейде аял кишилер жылаңачтанган иш-чараны өткөрүүгө уруксат берилген.

М.Жангарачеванын айтымында, кызматтан бошотуу тууралуу арызы маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун суранычы менен байланыштуу.

«Өзүмдүн кызматкерлеримдин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алдым. Бирок бул ишти жасоого мажбурлаган саясатчылардан коркуп калганымды билдирбейт. Муну кызматкерлердин коопсуздугу жана музейдин бүтүндүгү үчүн гана жасадым. Анткени алар күч колдонуу, өрттөө, уруп-согуу менен баарын жасашы мүмкүн. Муну "Кырк-Чоро" жасайт», - деди М.Жангарачева.

Ал аялдардын укугун коргоо багытындагы мамлекеттик саясатты колдой турганын айтты.

Министр Азамат Жаманкулов Мира Жангарачеваны ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка бүгүн, 2-декабрда кол койгонун билдирген.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком