00:51, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Путиндин учагы Бишкектеги коюу туманга карабай кантип конгон? Видео

На русском
11:04, 2 бештин айы 2019 666

Баракелде -  ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына келген Россиянын президенти Владимир Путиндин учагы Бишкектеги аэропорттогу туманга карабай конгон. Бул тууралуу «Россия 24» телеканалы билдирди.

«Мындай туманда чоң "ИЛ-96" учагын көрүү кыйын. А президент Путин учуп келген номур биринчи борт аба ырайынын туруксуздугуна карабай конду. Саммит болгон күнү Бишкекти коюу туман каптаганына байланыштуу аэропорт 9 сааттан бери бир дагы каттамды кабыл алган эмес. Бирок айрымдар тобокелге салып конду», - деди кабарчы.

Аталган борттун пилоттору ар бир 10 мүнөт сайын аба ырайы өзгөрүп турганын билдирип, экипаж мындай жагдайларга даяр болгонун айтып өтүштү.

--------------------------------------------------------------

Буга чейин Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун учагы туман жана жогорку нымдуулуктан улам Бишкек шаарына коно албай калганын «Life.ru» басылмасы жазган. Учкуч айланып барып, Алматы шаарына конгон.

«Басылмага Бишкектин аэропортунан аба ырайына байланыштуу номур биринчи бортту да Алматыга жөнөтүүнү көздөшкөнүн, бирок Россиянын президенти Владимир Путиндин учагынын командири "кондурам" деп, коюу туманда учакты жерге кондурганын билдиришти», - деп жазды «Life.ru».

Номур биринчи борт тууралуу маалыматты Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктап: «Ооба, ушундай болду. Бирок президенттик учакты кондуруу үчүн бардык эрежелер сакталды», - деди.

Шойгу 28-ноябрда Бишкек шаарында өткөн Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик ведомстволорунун башчыларынын отурумуна, ал эми Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышкан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком