02:07, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Памирдеги кыргыздардын турмушу: Башка улуттан кыз алып, кыз беришпейт (1-бөлүм)

На русском
12:42, 2 бештин айы 2019 7731
Памирлик кыргыздар
Памирлик кыргыздар
// Turmush

Баракелде -  Памир жергесинен келген этникалык кыргыздардын балдары билим алууну улантып жатышат. Алардын ичинен 1 үй-бүлөдөгү 6 адам Ат-Башы районунда, калган 11 үй-бүлөдөгү 44 адам Нарын шаарында, 1 үй-бүлөдөгү 9 адам Жайылдын Калинин айылында, 2 бир тууган студент Ош шаарында жашайт. 21 балага мамлекеттик жөлөк пул, 1 адамга жаш курагы боюнча пенсия чектелип берилген. Ал эми 2 жаран майыптуулугу боюнча социалдык жөлөк пул алышат, деп жазган Turmush басылмасы.

Памирлик кыргыздар облуста болгон бардык социалдык, маданий иш-чараларга сыйлуу мейман катары чакырылып, активдүү катышып турушат.

Ал эми Ооганстандын Памир жергесинде жашап жаткан кыргыздар туулган жерин, мекенин унутпай турганын айтышат. «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын журналисти Гүлүмкан Урустамова менен оператор Руслан Эгембердиев Памир жергесине барып келишкен. Г.Урустамованын айтымында, 3 жылдан бери Памирге барып, этникалык кыргыздардын жашоосу, көйгөйлөрү менен таанышып келишет.

Кичи Памирдин тургуну Абдылгакы Абубакир уулу: «Бизди Кыргызстан тапса. "Эл, тууган-урук силерди башка жол менен тааный албайт. Силерди эне тилиңер менен гана тааныйт. Ата-бабаларыбыз эне тилиңерди жоготпогула, элиңерди, жериңерди таап алгыла" деп насыят калтырып кеткен. Биз ошол насыяттарды колдонуп, бекем турдук. Биз аз элбиз, бул жерде 50-100 үйдө жашайбыз», - деди.

Анын айтымында, ата-бабалар Памир жергесине 1916-жылдары барышкан. Андан кийин чек аралар бөлүнүп, Россия, Ооганстан, Кытай өз чек арасын бөлүп алып, алар Ооганстандын аймагында калган.

«Биздин мекенибиз Кыргызстан. Биз Чоң-Алай, Мургаб (Тажикстандагы кыштак) районунан келгенбиз. Ата-бабаларыбыздын туулган жери Кыргызстан», - деди Абдылгакы Абубакир уулу.

Башка улуттан кыз алып, башка улутка кыз беришпегенин айткан Абдылгакы Абубакир уулу аял кишилер азайганын кошумчалап: «Кыргыз болуп туулуп, кыргыз болуп өлөбүз дедик. Кыргызстанга барып, аял алып, кыз берсек да өз эл, өз жерибизде бололу деп сактанып келдик. Азыр дагы үмүтүбүз бар...», - дейт.

Видео 2019-жылдын октябрь айында тартылган. Булак: «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы

Памирлик кыргыздар мал менен күн көрүшөт. Алар Ооганстандын акчасын (афгани) колдонуп, ал жактан чай, күрүч, ун сыяктуу азык-түлүктөрдү сатып алышат. Жашоочулардын айтымында, Ооганстанга жол узак, талааларга түнөп, 3-4 күндө барып-келишет. Бирок кышында кар түшүп, жол жабылып калат. Памирликтер сууну жайы-кышы мөңгүдөн алышат, анткени башка жерде суу жок.

Ал эми Чоң Памирдин тургуну Ажы Расул Имаралы уулу: «Биздин чоң аталарыбыз бул жерге 100 жыл мурун Чоң-Алай, Оштон, Кыргызстандын ар кайсы жеринен келген экен», - деди.

Кичи Памирдин тургуну Жаанбай Маматкерим уулу 5 маал намаз окуп, орозо кармайт. Ал балакат куракка жеткенде, тактап айтканда балдар 9 жашка чыкканда намаз окуп баштарын кошумчалады.

Кичи Памирдин ханы Ажы Буту Ганы уулу болсо, Чоң Памирдин ханы Эгемберди Ташбай уулу. Ал эми Айтманбет Мамасейит уулу 11 жылдан бери чек ара кайтарат. Анын айтымында, ишине эл да көмөктөшүп, маалымат берип турушат.

Памирлик кыз-келиндер Кыргызстанды көргүсү келет. Алар кийим-кечени өздөрү тигип кийишет, тигүү машиналары да бар. Кышы-жайы чапан кийип, башына шайы жоолук салынышат.

Айрымдары комузда кол ойнотуп, ыр аткарышат. Алардын арасында Кичи Памирдин тургуну Алфидин Жутанкы уулу да бар.

Буга чейин Афганистан Ислам Республикасындагы Улуу жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилген. Өкмөттүн маалыматы боюнча, 2019-жылы 70 тоннага жеткен азык-түлүк жана буюмдарды алууга өкмөт 5 млн сом бөлгөн.

Экспедиция октябрь айында азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуучу мештерди, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка буюмдарды алып барган. Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери памирликтерди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү. Ошондой эле экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашкан.

Памирлик кыргыздар кыргыз бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазычылыктарын билдиришкен. Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстандын аймагынан Афганистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Афганистан Ислам Республикасынын премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком