22:31, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө»: Нарындык дарыгер Б.Сыдыкованын жаш энелерге кеңеши

10:45, 2 бештин айы 2019 49

Баракелде -  54 жаштагы Бурул Сыдыкова 31 жылдан бери Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын патология бөлүмүндө иштеп келет. Анын айтымында, жыл сайын ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Дарыгер менен аймактык кабарчы маектешти.

Бурул Сыдыкова 1965-жылы Ат-Башы районунда туулган. 1982-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик медицина институтуна барып, окуу жайды 1989-жылы аяктаган. Эмгек жолун Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө баштаган. Учурда аталган бөлүм патология бөлүмү деп аталып, Б.Сыдыкова дарыгер-неанотолог (ымыркайларды төрөтканадан үйүнө чыккыча карай турган адис) болуп эмгектенет.

«Биздин бөлүмдө айына же салмагына жетпей төрөлгөн балдар дарыланат. Бөлүмгө бейтаптар облустун бардык райондорунан келишет. Энелердин саламаттыгына жараша жыл сайын айына жетпей төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Муну учурдун көйгөйү десек дагы болот. Себеби энелердин ден соолугу начар же жаш куракта жана жыл сайын төрөгөндөр көп болуп жатат. 2000-2001-жылы туулган кыз-келиндер келип төрөшөт, алар балдарды туура бакканды билишпейт. Бирок бул жактан үйрөнүп чыгышат. Ымыркай ара төрөлсө оорулуу болуп калышы мүмкүн. Баланын денеси саргарып кетсе, ал көпкө чейин кетпейт. Анын кесепетинен айрым балдардын акыл-эси дагы начар болуп калат. Соңку 2-3 жылдан бери ымыркайлардын арасында ооругандар көбөйдү десек болот. Себеби жубайлар үй-бүлөнү пландаштырууну билбей, кыз-келиндер жыл сайын төрөп жатышат», - дейт дарыгер.

Ал саламаттыкты сактоонун отличниги.

«Адамды жаман дей берсең, жаман боло берет. Жаңы келген медайымдарга жардам берип, үйрөтүп, улам мактап турсаң, жакшы иштеп кетишет. Энелер дагы ушундай болот. Эмчек эмизе албай жатса колдоп, мактап, “сенин сүтүң балага керек” деп айтсаң, эртеси жакшы эмизип калышат. Ооруканага 1-2 ай жатып дарыланган энелер менен бир туугандай эле болуп калабыз. Бала 2-3 жашка чыкса дагы ооруканага кайра-кайра келе бергендер болот», - деди Б.Сыдыкова.

Ал жыл сайын же ара төрөгөн энелердин ден соолугу тууралуу ой бөлүштү.

«Ооруган бала сакайып, 800 грамм салмакта төрөлгөн ымыркай дагы салмак кошсо, үйүнө чыгарып жатканда канааттанып каласың. Ошол кезде Кыргызстандын жаранын үйүнө чыгарып жатам, Кыргызстанга салым коштум деп калам. Кийин бала чоңоюп, “ушул бала сиз иштеген бөлүмдө дарыланган болчу” дегенде ого бетер сыймыктанасың.

Түгөйлөр жаңы үйлөнгөндө “эмдиги жылы балалуу болушсун” деп тилек айтышат эмеспи. Негизи пландап, келин ден соолугуна жана жашына карап, кайсы мезгилде боюна бүтүш керек экенин баамдап төрөсө жакшы болот. Жыл сайын төрөй берсе дагы ден соолугуна зыян.

Азыр аз кандуулук менен жабыркаган аялдар көп. Гемоглобини 60-70-80 болуп турса да жүрө беришет. Ал эми боюна бүткөндө гемоглобин ого бетер азаят. Себеби балага дагы азык керек болот. Эненин каны аз болсо, баланын ден соолугу начар болуп төрөлөт. Бала түйүлдүктөн эле жакшы өспөй, оорулуу болуп калышы мүмкүн. Адистен кеңеш алып, төрөтүн пландаш керек.

Бөйрөгү ооругандардын дагы баласы түйүлдүктөн өспөй калат. Курсакта өспөй калган баланы дарылоо кыйын экен. Бала көпкө чейин эмчек эме албай, организминде ар түрдүү инфекциялар болуп калат.

Жаңы төрөгөндөр эмчек эмизүүнү жакшы өздөштүрө алышпайт. Биздин бөлүмдө деле үйрөтөбүз, бирок көпкө чейин эмизе албаса, баласынын денеси эрте саргарып, көйгөйлөр жаралат», - дейт дарыгер.

Ал кош бойлуу аял дары ичпеши керектигин белгиледи.

«Эне курсактагы балага 3 ай болгонго чейин, түйүлдүк пайда болуп, баланын ички органдары пайда болгонго чейин дары ичпеши керек. Эгер сасык тумоо болуп калса дарынын ордуна ысык сорпо, чайды малина, бал, лимон менен ичип дарыланса болот. Дары баланын ички органдарына таасир тийгизет. Аны адистин кеңеши менен ичиш керек. Эне оорубаганга аракет кылышы керек. Суюктукту көп ичип, оору жуктуруп албаш үчүн эл көп чогулган жерге барбаш керек», - деди Б.Сыдыкова.

Дарыгер 2 кыздын апасы. Анын кыздары мектепте окуп жүргөндө эле атайын программанын жардамы менен Америка Кошмо Штаттарында билим алып келишкен. Улуу кызы Кытайда билим алып, учурда кайра АКШга окууга барууга даярданып жатат. Экинчи кызы Германияда окуйт.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком