22:59, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл турмушу: Ашымбек ата ээрлерди жасап, айына 30 миң сомдон табат (сүрөт)

09:12, 2 бештин айы 2019 36

Баракелде -  Талас районунун Ак-Жар айылынын 69 жаштагы тургуну Өскөнбаев Ашымбек ата ээр жасап, айына 30 миң сомдон каражат табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, аскердик милдетин Казакстанда өтөп келип, союз тараганча чабан болуп иштеген.

«Колхоз тараганда оокат кылып, жумушка ээ болуш керек болду. Атайын окуп, билим алган кесибим жок болгондуктан ээр жасоого өткөм. Аракет кылсак колубуздан баары келет. Ошол убактан бери ээрлерди тынымы жок жасап келе жатам. Кичүү балам жүгөн жасап, ээрге керектүү жапкычтарын тиккенге жардамдашып калат.

Орус ээрлер жакшы өтөт. Аны жасоодо алгач 4 жука тактайчаны кабаттап желимдеп, бекемдеп басып, 3 саат коюп коём. Темирлерин ийип, ширетип алып, устаканада тигүү иштерин аткарам. 1 күндө 2-3 ээр жасоого болот. Колумдан чыккан миңдеген ээрлерим Таластын бардык жерине тарады. Буйрутма берип жасаткандар көп. Аны менен катар даярдап жасап алып, базарга саткан күндөрүбүз дагы болот. Кайыштан жасалгандар 5000 сомдон, палас, кийиз менен капталгандары 2500-3000 сомдон сатылат. Бул ээрлерди 6 жыл эч ойлонбой колдонсо болот. Андан кийинки жылдары оңдоого муктаж болот. Айына 30-40 миң сом таап калам. Чоң ээрлерге дагы буйрутма беришет», - деди ал.

Уста аксакал 5 баланын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком