00:50, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Конокторду абдан күткөм»: Аселдин Япониядагы ресторанынын ачылышына эч ким келген жок (видео)

На русскомEnglish
14:48, 1 бештин айы 2019 18374

Баракелде -  Кыргызстандык Аселдин ыйлап жатканда тартылган видеосу социалдык тармакка тарады. Ал жолдошу экөө Японияда ресторан ачып, бирок анын ачылышына эч ким келген эмес.

Асел менен Теру Минагава Фукуока шаарында жашашат. Алар көптөн бери ресторан ачууну кыялданып жүрүшкөн. Жубайлар ресторан ачуу үчүн бардык күчүн жумшашкан. Алар ачылыш аземге даярданып жаткан учурду социалдык тармакка жарыялашты. 29-ноябрда ресторан ачылды.

Асел социалдык тармактагы баракчасына: «Биз кардарларыбызга эшигибизди ачтык. Бардыгын чын жүрөгүбүз менен жасадык, азык-түлүктөр сапаттуу. Достор, кыялын ишке ашыра алган адамды көрүүгө келгиле», - деп жазды.

Асел менен Теру кардарларды күтүшкөн, бирок бул күнү ресторанга эч ким келген эмес.

«Мунун баарын кантип таштамак элек, үйгө алып кетем. Конокторду абдан күткөм», - деген Асел көзүнө жаш алганын көрүүгө болот.

Ал эми жолдошу Теру жубайын: «Эч нерсе эмес, бул башталышы гана, сен үйрөнүп жатасың. Биринчи ишимди ачканда мага да эч ким келген эмес, убакыт керек», - деп соороткон.

Аселдин социалдык тармактагы баракчасындагы: «Бүгүн ачылды. Чынын эле айтам, эч ким келген жок. Ыгы жок эркелесем кечирим сурайм, абдан капа болдум. Азык-түлүктөрдү үйгө алып кеттим, эми аларды эмки жумага чейин жейм», - деген билдирүүсүнө интернет колдонуучулар жүздөгөн комментарий калтырып, колдоо сөздөрүн айтышты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком