22:45, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ак-Талаадагы 40 жаштан жогорку курактагы адамдар волейболго түшүштү

21:30, 1 бештин айы 2019 34

Баракелде -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 40 жаштан жогоркулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталгандыгын райондун спорт инструктору Улан Догдурбек уулу аймактык кабарчыга билдирди.

30-ноябрда өткөрүлгөн мелдеш Баетов айылындагы 40 жаштан жогорку курактагы тургундар тарабынан уюштурулуп, ага айыл аймактардан келген спорт сүйүүчүлөр катышты. Мелдештин соңунда 1-орунду Үгүт айылынын командасы камсыздап, өтмө кубок жана 8 миң сом менен сыйланды. 2-орунду багындырган Баетов айылынын командасы 6 миң сом, 3-орунду ээлеген Жаңы-Талап айылынын командасы 4 миң сом жана 4-орунду алган Чолок-Кайың айылынын командасы 2 миң сом менен сыйланды.

Кийинки мелдешти өткөрүү кезеги Коңорчок айылына берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком