22:51, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ж.Бообекова Ак-Талаадагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери болду

15:42, 1 бештин айы 2019 42
Жаркынбубу Бообекова
Жаркынбубу Бообекова

Баракелде -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгери болуп Жаркын Бообекова дайындалды.

Аталган борборду буга чейин Райымберди Мамашарипов жетектеп келген. Ал өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кетти.

Бообекова Жаркынбүбү Бообековна 1958-жылы 25-ноябрь күнү Кара-Бүргөн айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. Кесиби терапевт дарыгери.

Эмгек жолу:

- 1989-1992-жылдары Панфилов районунда терапия боюнча аймактык дарыгер;
- 1992-1995-жылдары Ак-Талаа районунун Орто-Сырт көчмө медицинасында башкы дарыгер;
- 1995-1998-жылдары Ак-Талаа райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө бөлүм башчы;
- 1998-2007-жылдары фтизиатр дарыгери;
- 2007-жылдан баштап ушул кезге чейин Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын директорунун орун басары болуп иштеп келген.

Наамдары жана сыйлыктары:

- Жогорку категориядагы дарыгер;
- Үй-бүлөлүк медицина борборунун, аймактык оорукананын, Ак-Талаа райондук жана Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары менен сыйланган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком