21:37, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ош шаарында ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду

На русском
20:45, 30 жетинин айы 2019 25

Баракелде -  Бүгүн, 29-ноябрда Ош шаарынын «Ак ниет» эс алуу багында «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласы орнотулду.

Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүсен Касеинов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Түркменстан, Түркия мамлекеттеринин маданият министрлеринин орун басарлары, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун өкүлдөрү катышты.

«Түрк дүйнөсүнүнүн маданий борбору» эл аралык долбоорунун алкагында ТҮРКСОЙ стеласынын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланган. 2018-жылдын 18-декабрында Түркиянын Кастамону шаарында өткөн ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн туруктуу кеңешинин 36-отурумунда байыркы Ош шаары бир добуштан Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп кабыл алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком