21:38, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ак-Сууда каратэ-до боюнча турнир уюштурулду

19:30, 30 жетинин айы 2019 27

Баракелде -  Ак-Суу районунун Теплоключенка айылында каратэ-до боюнча райондук турнир өтүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Турнир спортчу Жылдызбек Шайынбетовдун жаркын элесине арналып өткөрүлүүдө. Ал Теплоключенка айылында 1986-жылы туулган. Каратэ-до боюнча Орто Азия чемпионатында биринчиликти багындырган. Айыл тургундарынын айтымында, спортчу үлгүлүү жүрүм-туруму, адамкерчилиги менен эл оозуна алынган. 2011-жылы жол кырсыгынан каза болгон.

Турнирди маркумдун машыктыруучусу К.Тыналиев, жакындары жана Теплоключенка айыл өкмөтү уюштурган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком