22:40, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кара-Көлдө ачык турнир өтүүдө

18:45, 30 жетинин айы 2019 30

Баракелде -  Кара-Көл шаарында ачык турнир өтүүдө, деп билдирет аймактык кабарчы.

Бул иш-чара жазуучу Ч.Айматовдун туулган күнүнө, 22-декабрь — Энергетиктердин күнүнө жана Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата өткөрүлүп жатат.

Бүгүн, 30-ноябрда спорттун волейбол жана шахмат түрү боюнча мелдештер старт алды. Токтогул, Кетмен-Төбө жана Кара-Көлдүн 7 командасы волейбол боюнча биринчилик үчүн беттешип жатат. Ал эми шахмат боюнча мелдешке 30дай шахмат сүйүүчүлөр катышууда.

Эртең, 1-декабрда ордо жана стол үстүндө теннис боюнча мелдештер өткөрүлөт. Турнирдин байге фондусуна жергиликтүү боюджеттен 43 миң сом каралган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком