02:27, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

ЖМК: Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсүнө таандык уникалдуу унаалар сатыкка чыгарылды

На русском
14:39, 30 жетинин айы 2019 943
Иллюстрациялык сүрөт, «Ferrari F40»
Иллюстрациялык сүрөт, «Ferrari F40»

Баракелде -  Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үй-бүлөсү кымбат-баалуу унаалардын коллекциясынын бир бөлүгүн сатат. Унаалар Нью-Йорк шаарында сатыкка чыгарылганын «Kz.media» булактарга шилтеме берүү менен жазды.

Ал эми «LasVegasHerald» басылмасы аталган маалыматты аукциондун далдалчыларына шилтеме берүү менен жарыялады. Сөз биринчи президенттин тун кызы — Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаевага таандык кымбат унаалардын коллекциясы тууралуу болуп жатат.

Унаалар сатыла турганы тууралуу маалымат «Guernsey’s» аукцион үйүнүн сайтында да пайда болуп, бирок кийинчерээк кайра өчүрүлдү. «Ferrari F40», «Ferrari Testarossa», «Bugatti Veyron», «Lamborghini Miura», «Lamborghini Murcielago», «Lamborghini Urus», «Koenigsegg Agera S», «Pagani Zonda» жана «Альфа Ромео 8С» үлгүсүндөгү унаалар сатылат деп болжолдонууда. Жалпы 13 млн долларга бааланган 9 уникалдуу унаа айтылган. Бул баштапкы гана баа.

Аукцион алгач декабрдын аягына пландалып, бирок иш-чараны 2020-жылдын биринчи кварталынын аягына жылдыруу чечими кабыл алынган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком