22:00, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкектиктердин унаасын сүзгөн кочкорлук тургунга кандай өкүм чыкты?

13:30, 30 жетинин айы 2019 52
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Кочкор райондук соту жол кырсыгы боюнча кылмыш ишинин материалдарын карап чыкты.

Марат (аты өзгөртүлдү М.у.С.) 1988-жылы туулган, билими орто, эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы, мурда соттолгон эмес.

Марат 2017-жылдын 17-декабрь күнү саат 16:00 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 185-чакырымында, тактап айтканда Исакеев көчөсү аркылуу Кочкор айылынан Исакеев айылына «Хундай Сантамо» үлгүсүндөгү унаасы менен бара жаткан. Унаада Исакеев айылынын тургундары М.А. менен Т.М. жүргүнчү катары бара жатышкан. Ошол маалда Марат башкарган унаа Нарын районунун Оттук айылынан Бишкек шаарына бара жаткан «Хонда СР-В» унаасын капталынан сүзгөн. Анын кесепетинен «Хонда СР-В» унаасынын 1966-жылы туулган айдоочусу — Бишкек шаарынын тургуну, анын жубайы, жүргүнчүлөр — Сокулук районунун Новопавловка айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.В., 1973-жылы туулган тургун С.О. денесинен жаракат алышкан. Алар Кочкор райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Дагы бир жүргүнчү — Сокулук районунун Новопавловка айылынын 1968-жылы туулган тургуну С.Б.га алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эч кандай жаракат алган эмес. Ал эми «Хундай Сантамо» унаасында отургандар да эч кандай жаракат алган эмес.

Соттук отурумунда айыпкер Марат күнөөсүн толугу менен мойнуна алгандыгын, бүгүнкү күндө жабырлануучуларга келтирилген зыянды толугу менен төлөп бергендигин айтып, кылмыш ишти кыскартып берүүнү суранды.

Ал эми жабырлануучулар айыпкерге эч кандай дооматтары жоктугун, өз ара элдешкендерин, келтирилген зыяндарды толугу менен төлөп бергендигин айтып, кылмыш ишин кыскартып берүүнү суранды.

Жыйынтыгында сот Маратты жоопкерчиликтен бошотуп, кылмыш ишти өндүрүштөн кыскартты.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком