22:42, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

29 жаштагы Б.Бообек уулу Кочкордогу Ш.Рысмендеев атындагы мектебинин директору болду

10:24, 30 жетинин айы 2019 77
Болот Бообек уулу
Болот Бообек уулу

Баракелде -  Кочкор районундагы Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине Болот Бообек уулу директор болуп дайындалды. Буга чейин мектептин директору болуп иштеп келген Алма Асанова ардактуу эс алууга узатылды.

Болот Бообек уулу 1990-жылдын 10-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Суу айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебине 1-класска кабыл алынып, аны 2007-жылы аяктаган. 2007-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетине тапшырып, аны 2012-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. 2012-жылы Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебине тарых мугалими болуп кабыл алынып, ушул эле жылы аспирантурага тапшырып, аны 2015-жылы аяктаган.

2016-жылы Ак-Кыя айылдык кеңешинин депутаты болуп шайланган. «Билим ордо» коомдук интеллектуалдык фондунун мүчөсү. 2012-жылдан бери Ш.Рысмендеев атындагы орто мектебинде тарых мугалими болуп эмгектенип келген. Ондон ашык илимий макалалардын автору. Тарыхый жерлерге саякатка чыгууга кызыгат. Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком