22:07, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — Ат ала качып, жылкынын алдында калган Жумгалдагы чиновниктер

На русском
09:56, 30 жетинин айы 2019 84

Баракелде -  Ат — адамдын канаты. Ат адам баласы тарабынан колго үйрөтүлгөн эң алгачкы үй жаныбарларынын бири. Жылкы алгач ирет адам баласы тарабынан Лидияда (азыркы Түркиянын аймагы) колго үйрөтүлгөн деген илимий тыянактар бар. Ат жана анын адам баласынын турмушундагы ээлеген орду, ролу өтө кенен иликтенген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы ат минген жетекчилерди топтоду.

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мойноков 1985-жылы туулган. Кесиби — жол боюнча адис. Айылдагы балдар менен ат чаптырып, мал кайтарып чоңойгон. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн башчысы Бектур Кыдырмаев 1969-жылы туулган. Кесиби — жол куруу унаалары боюнча инженер-механик. Бала кезден ат минет. Азыр да жайлоодогу чабандарга ат минип барат. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Кайрат Качкынбаев 1989-жылы туулган. Кесиби боюнча тоо-кен инженери. Эс тарткандан баштап ат минет. Ат чаптырганды жакшы көрөт. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Миң-Куш айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Алманбетов 1970-жылы туулган. Кесиби боюнча экономист. Мектепти бүткөндөн бери ат минет. Ат минүү үчүн атайын Миң-Куштан Байзак айылына барчу. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Исаков 1974-жылы туулган. Кесиби — биология сабагы боюнча мугалим. Ат мингенди эс тарткандан баштап үйрөнгөн. Үй-бүлөлүү, 6 баланын атасы.

Кабак айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Самсалиев 1987-жылы туулган. Айлана-чөйрөнүн сапатын жөнгө салуу боюнча адис. 7 жашынан ат минген. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы.

Баш-Кууганды айыл өкмөтүнүн башчысы Рахат Жумуков 1976-жылы туулган. Билими жогорку, кесиби — инженер-куруучу, инженер-гидротехник. Ат мингенди бала кезден билет. Кичинекей кезинде ат чаап бара жатып, аты ала салып, жылкынын алдында калган. Жеңил жаракат алып, арты сыйрылган. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Молдобазаров 1978-жылы туулган. Кесиби мугалим. Ат мингенди бала кезден билет. Соң-Көл жайлоосунда ат чаап чоңойгон. Азыр да ат таптап, жылкы кармайт, жорго салат. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Түгөл-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Рысбек Кудайбергенов 1967-жылы кыштоодо туулган. Билими жогорку, кесиби менеджер. Атасы чабан болгон. Ат мингенди бала кезден билет. Учурда ат таптайт. Бир атты кеминде 5-10 жыл минет. Мурда тору айгыр минсе, азыр көк айгыр минип жүрөт. Ат жабдыктарына көп басым жасайт. Колунда кыргыз ээр менен күмүштөн жасалган ээр бар. Эсте калган окуясы: тору айгыры жолдон бээге секирип жибергенде Р.Кудайбергенов ат үстүнөн ыргып кете жаздаган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Таяныч Каратаев 1960-жылы туулган. Билими жогорку, кесиби инженер. Ат мингенди бала кезден билет. Жаш кезинде ат оюндарына катышкан. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Алымкулов 1974-жылы туулган. Билими жогорку, кесиби — тоо кен тармагы боюнча инженер. Ат мингенди эс тарткандан баштап билет. Бала кезинен улак тартышып, ат чаптырып чоңойгон. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысы Талант Асанов 1981-жылы туулган. Билими жогорку, кесиби боюнча мугалим. Ат мингенди 6-7 жашынан тартып билет. Алгач ат мингенде ат ала качып кетип, кошуналар аман алып калышкан. Атасы зоотехник болгондуктан дайыма ат минчү. Талант Асановдун айтымында, атасы жумуштан келери менен уулун атка мингизчү. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы.

Чоң-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек Ширинбек уулу 1977-жылы туулган. Билими жогорку, тарых сабагы боюнча мугалим. Ат мингенди 13 жашынан үйрөнгөн. Жаш кезинде улак тартышка катышчу. Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком