16:46, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
16:26, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 20201216 Кыргыз редакцияга кабарчыларды чакырабыз

Москвада прокурордун жардамчысын өлтүрүп, издөөгө алынган адам Бишкекке келген

На русском
21:14, Бештин айынын жетиси, 2019 201

Баракелде -  29-ноябрда Бишкек шаарында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалган. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

22 жаштагы Л.М. май айында Россиядагы Бутырки райондук прокуратурасынын прокурорунун жардамчысын өлтүргөн. Мамлекеттер аралык макулдашууга ылайык, Россияга өткөрүп берүү маселесин чечүү үчүн кармалган жаран ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

«Комсомольская правда» басылмасынын маалыматы боюнча, 11-майда прокурордун жардамчысы Дмитрий Некрасовдун жансыз денеси ижарага алган батиринен табылган. Ал катуу сабалып, андан кийин өзүнүн галстугу менен муунтулганы аныкталган.

22 жаштагы Максим Лунегов менен Андрей Глухих кылмышка шектүү болуп, айып тагылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком