22:26, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Айыл турмушу: Таластык Аскат жараксыз унаалардан жаңысын курайт

16:22, 30 жетинин айы 2019 37
// Turmush

Баракелде -  Талас районунун 29 жаштагы тургуну Аскат Атагул уулу бир тууган агалары менен бирге жараксыз эски унаалардын тетиктеринен жаңы унаа курайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аскат 1990-жылы Талас районунун Ак-Жар айылында төрөлгөн.

«Мен эс тарткандан баштап эле атам үйдөн техниканын бардык түрүн оңдоп иштегенин көрчүмүн. Атам 4 жыл мурун кайтыш болуп калган. Күчтүү ойлоп тапкыч болчу. Талаа жумуштарын жеңилдеткен техникаларды ойлоп таап, жасачу. Менден улуу 3 агам бар. Атам төртөөбүздөн тең жардам сурачу. Көрсө бизди үйрөтүү үчүн жумушка тартчу экен. Мен унаа оңдогонду үйрөнүп алганыма кубанам, себеби ушул багыттан киреше табам. 11 жылдан бери иштегендиктен кардарларым көп. Бул жумуш мезгилден көз каранды эмес. Бирок мен жайында дыйканчылык менен алектенем», - деди Аскат.

Ал унааларды боёп, косметикалык оңдоп-түзөө иштери менен алектенет.

«Улуу агам унаалардын кыймылдаткычын оңдосо, мен косметикалык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзөм. Урулган жерлерин түздөп, боёп берем. 1 унааны оңдоп-түзөп берүү үчүн 10 миң сомдон жогору акы алам. Боёкторду сапатына жараша Бишкектен алам. Соңку 3 жылга чейин айына 80 миң сом тапчумун. Азыр азыраак киреше табам, себеби аз кардар кабыл алам. Андан тышкары, жараксыз унааларды сатып алып, аны кайра сапаттуу тетиктер менен жасап, сатабыз. Эски унаадан жаңы унааны кураганды жактырам. Үйрөнүп алалы деп айылдан балдар келишет, аларды өзүм менен кошо алып жүрүп үйрөтөм. Келечекте кененирээк унаа оңдоочу жай ачсам деп пландап жатам», - деди Аскат.

Ал 8 бир туугандын кичүүсү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком