09:50, Үчтүн айынын он сегизи, 2020
23:29, Үчтүн айынын он жетиси, 2020504 Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
22:00, Үчтүн айынын он жетиси, 2020227 Оштун бюджети 194,9 млн сомго көбөйөбү?
Учурда окулуп жатат
12:18, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (0 адам окуп жатат)
Карта-схема конфликтов вокруг анклава Ворух в Баткенской области
18:15, Үчтүн айынын он жетиси, 2020 (44 адам окуп жатат)
Маянабыз кыскарды деген аксылык мугалимдерге министрлик жооп кайтарды

Бишкектеги үйгө ууруга кирген адам 5 миң долларлык сувенирди алып кеткен

На русском
22:56, Бештин айынын жетиси, 2019 449
Подозреваемый
Подозреваемый
// Пресс-служба ГУВД Бишкека

Баракелде -  Шаардык милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

25-ноябрда Биринчи май РИИБге Р.Г. аттуу шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызында ал 9-ноябрда болжол менен саат 18:00 чамасында Кызыл-Кыя көчөсүндө жайгашкан үйүнөн 1 миң 400 доллар, 50 миң сом жана 5 миң долларга бааланган сувенирин уурдап кеткен белгисиз жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Биринчи май РИИБдин №5 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1972-жылы туулган Б.Д. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесин текшерүү үчүн кошумча тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком