16:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202037 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды

Адахан Мадумаров 10 жыл мурун кол койгон протокол текшерилет

На русском
17:47, Жетинин айынын жыйырма экиси, 2019 199
Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров

Баракелде -  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 10 жыл мурун Адахан Мадумаров кол койгон протоколду текшерип чыгат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Марал» радиосунун эфиринде билдирди.

Атайын кызматтар протоколду текшерип чыгарын АКИpress агенттигине УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

«Аталган факт боюнча соттук өндүрүш иши жүрүп жатат. Жыйынтыгы тууралуу кийинчерээк маалымат беребиз», - деп айтылат маалыматта.

2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеп турганда Жалгыз-Өрүк аймагына жакын жер тилкесин тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Мадумаров өзү бул туура чечим болгонун билдирген.

-------------------------------------------

Социалдык түйүндөргө мындан 10 жыл мурда Адахан Мадумаров кол койгон протоколдун көчүрмөсү тараган. Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрүнүн Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жетекчилиги астында компетенттүү органдарынын жетекчилеринин эки тараптуу жолугушуусунун жыйынтыгы менен 2009-жылдын 3-мартында Худжанд шаарында протоколго кол коюлган.

Анда: «Бул протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Протоколго 2009-жылдын 3-мартында Тажикстан Республикасынын Хунжанд шаарында кол коюлду», - деп жазылган.

Протокол 2 нускада, орус тилинде жазылып, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ошол учурдагы катчысы Адахан Мажумаров жана Тажикстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы А.Азимов кол койгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком