17:04, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
16:10, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202055 Баткен районунда 3 миңден ашык ит каттоого алынды
Учурда окулуп жатат
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (127 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (80 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
16:47, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (60 адам окуп жатат)
Кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Анара менен Нуртилек дайынсыз жоголду
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (38 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Москвада сержанттын өлүмүнө айыпталган Нурлан Муратов күнөөсүн мойнуна алды

На русском
18:06, Жетинин айынын жыйырма бири, 2019 981
Нурлан Муратов
Нурлан Муратов

Баракелде -  Москва шаарында полиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип кармалган Нурлан Муратовдун иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Москванын Тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

2018-жылы 2-сентябрда 23 жаштагы сержат Андрей Райский метродо Муратовдун документин текшерүү үчүн токтоткон. Бирок анын жанында документи жок болгон. Полиция кызматкери менен шектүү «Курская» метросундагы станциянын имаратына административдик протокол түзүү үчүн киришкен. Тергөөнүн версиясы боюнча, Муратов сержанттын табелдик куралын тартып алып, аны башка аткан. Сержант ошол жерде каза болгон.

«Тергөөнүн жүрүшүндө көптөгөн соттук экспертизалар жүргүзүлүп, анын тыянагы айыпталуучунун кылмышка катыштыгы бар экенин тастыктады», - деп айтылат маалыматта.

Айыпталуучу тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Кылмыш иш айыптоочу тыянак менен сотко жөнөтүлдү.

Буга чейин «Московский комсомолец» басылмасы Нурлан Муратов 1999-2000-жылдардагы Баткен окуясындагы аскердик иш-аракеттерге катышканын жазган. Маалыматка караганда, Н.Муратов Баткен окуяларында башынан жаракат алып, психикалык көйгөйлөр жаралган. Ал 2010-жылы Оренбургдан Россия Федерациясынын жарандыгын алган. 7 жылдан бери аялы жана балдары менен Москвада жашап жаткан.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком