18:27, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 20202968 Оштогу борбордук аянтта кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
17:19, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 202051 Тоңдо «Мекенимди даңктаймын» сынагы өттү
Учурда окулуп жатат
17:45, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (235 адам окуп жатат)
Оштогу борбордук аянттын жанынан кримчөйрөнүн 5 өкүлү кармалды
13:46, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (140 адам окуп жатат)
«Фашисттик белгиби?» Нарын районундагы карагайлуу токойду кимдер түптөгөн?
12:41, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (70 адам окуп жатат)
Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт
13:34, Үчтүн айынын жыйырма тогузу, 2020 (44 адам окуп жатат)
Ысык-көлдүк Максат Дорбаев Оштогу Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

Бишкектик тургундарга 17-20 жаштагы жигиттер менен кыздар кол салып, тоноп жүрүшкөн

На русском
15:57, Жетинин айынын жыйырма бири, 2019 669
Подозреваемые
Подозреваемые
// Пресс-служба ГУВД Бишкека

Баракелде -  Милиция кызматкерлери тарабынан каракчылыкка шектүү жарандар колго түшүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

13-ноябрда Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө шаар тургундары арыз менен кайрылышкан. Алардын айтымында, 13-ноябрда саат 05:00 чамасында Павлов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде аларга белгисиз жарандар кол салган. Арасында 2 кыз дагы болгон. Кылмышкерлер бир жабырлануучунун бутуна бычак сайып, «Редми» менен «Самсунг» үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышкан.

Ошондой эле 16-ноябрда райондук милицияга башка тургундан арыз түшкөн. Анын айтымында, 15-ноябрда Кулиев менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кыздар окуучунун «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун тартып алышкан. Алар өспүрүмдү сабап, бычак менен коркутушкан. Андан кийин кылмыш болгон жерден качып кетишкен.

Бул факттар Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 202-берене («Каракчылык») менен катталды. Ленин РИИБдин ыкчам тобу шектүүлөрдү кармап, алар убактылуу камакка 2 айга камалды.

Шектүүлөр:

- 2001-жылы туулган Т.Б;

- 1999-жылы туулган А.А;

- 2002-жылы туулган К.А;

- 2000-жылы туулган О.Ж.

Шектүүлөрдөн жабыркагандар болсо, 0 (706) 313-115, 0 (701) 332-858, 0 (707) 281-245 телефон номурлары жана 102 кызматы аркылуу кабарласа болот.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком