08:15, Үчтүн айынын жыйырма алтысы, 2020
21:39, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020566 Ысык-Көлдөгү кайсы айыл Иванец деп аталган?
Учурда окулуп жатат
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (8 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
19:49, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (5 адам окуп жатат)
Кара-Суудагы аламан улакта баш байгеге коюлган батирди Байыш Ниязов утуп алды

Денеси багаждан табылган таксисттин өлүмү: Шектүүлөрдүн жанында 100 миң доллар болгон

На русском
11:57, Жетинин айынын жыйырма бири, 2019 384
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Жансыз денеси «Манас» аэропортунун аймагындагы унаанын багажынан табылган маркум таксист болуп иштеп, кээ бир учурларда акча дагы ташыган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте болуп жаткан маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, сотко чейинки өндүрүш иштердин жүрүшүндө шектүүлөрдөн 100 миң доллардан ашык суммадагы акча табылган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул акчалар кимге тиешелүү жана маркум Хусан Каримовго аны ким бергени аныктала элек.

«Шектүүлөрдүн экөө кармалды, дагы экөө издөөдө», - деди Каниметов.

Министрдин орун басары издөөдөгү шектүүлөрдүн аты-жөнүн атоодон баш тартты. Мунун себебин тергөөнүн кызыкчылыгы менен байланыштырып, жакынкы убакта алардын ысымы ачыкка чыга турганын билдирди.

-------------------------------------------------------------------

39 жаштагы маркум К.Х. 22-октябрда «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа менен үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барган эмес. Кылмыш болгон күнү маркумдун жанында ири суммадагы акча болгон.

23-октябрда милицияга Комсомол айылынын тургуну арыз менен кайрылып, агасы жоголуп кеткенин билдирген. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын унаасын аэропорттун унаа токтотуучу жайынан табышкан. Анын багажынан эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМ, Чүй ОИИБдин жана Сокулук РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Талас, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустары, Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлдү.

Шектүүлөр:

- Чүй облусунун 27 жаштагы тургуну Б.Ч., буга чейин бир нече жолу уурулук, зордуктоо жана каракчылык боюнча соттолгон;

- Ош облусунун 32 жаштагы тургуну И.А., буга чейин бир нече жолу контрабанда жана баңгизат сактаганы үчүн соттолгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, Б.Ч. Кеминдеги №38 жатак абакта, И.А. Молдовановка айылындагы №26 жатак абакта жазасын өтөп жатышкан. Экөө тең жатак абакка 2018-жылы которулган.

Мындан тышкары шектүүлөрдүн шеригинин өздүгү аныкталды. Ал — Ош облусунун 28 жаштагы тургуну М.А., буга чейин тоноо жана бейбаштык боюнча сот жообуна тартылган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком