02:27, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020159 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Министрдин орун басары бычак көтөргөн кишини кармоого жардам берди

На русском
17:26, Жетинин айынын жыйырмасы, 2019 2986

Баракелде -  Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бычак көтөргөн адамды кармоого жардам берди. Ал карап тура алган эмес, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Карима Жапаркулова.

Окуя бүгүн, 20-ноябрда Бишкек шаарындагы Логвиненко көчөсүндө (Чүй проспектисине жетпей) болгон. №2 троллейбустун ичинен жүргүнчүгө бычак менен кол салган эркек кишини патрулдук милициянын кызматкерлери кармашты. Колунда бычагы бар адам патрулчулардан качууга аракет жасап, бирок ал Ак үйдүн жанында кармалып, колуна кишен салынды.

Карима Жапаркулованын айтымында, министрдин орун басары окуя болгон жерден өтүп бара жатып, кызматкерлер эркек адамды кармап жатышканын көрүп, жардам берген.

Кармалган адам психикалык дарт менен жабыркайт.

Шектүү кармалган учурдагы видео жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланып жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком