18:14, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 2020
17:39, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202021 Арстанбапта кышкы оюндар боюнча мелдеш өткөрүлөт
17:18, Үчтүн айынын жыйырма экиси, 202039 Кантта эмерек цехтин чатыры өрттөндү. Сүрөт

Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорун кабыл алды

На русском
14:13, Жетинин айынын жыйырмасы, 2019 125
Глава Госкомрелигий Зайырбек Эргешов, муфтий Максатбек Токтомушев, епископ Даниил
Глава Госкомрелигий Зайырбек Эргешов, муфтий Максатбек Токтомушев, епископ Даниил

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-ноябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды.

Өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын епископу Даниил катышты.

Мамлекет башчы Кыргызстан элинин маданияттарынын биримдигин жана ар түрдүүлүгүн сактоо жана бекемдөөнүн маанисин белгиледи. Ошондой эле инсандын, коомдун жана жалпысынан мамлекеттин өнүгүүсүндө руханий жан дүйнөнүн өзгөчө ролун айтып өттү.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков ишенимге аяр мамиле жасоо жана ынтымакты бекемдөө идеяларын коомго сиңирүү зарылдыгын белгиледи.

Муфтий Максат ажы Токтомушев жана епископ Даниил региондордо конфессиялар аралык диалогду жакшыртуу, өлкөдө диний сабаттуулукту жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө айтып беришти.

Ошондой эле коомдо конфессиялар аралык ынтымакты жана сабырдуулукту бекемдөө, радикализм жана экстремизмди алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 21-ноябрында Бишкек шаарында өтө турчу «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» Эл аралык конференциясына даярдыктар жөнүндө маалымат берилди.





Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком