19:18, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
18:19, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020716 «Бир өлүмдөн аман калдым»: Экс-депутаттын ачык баяны
18:06, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 202054 Нарында «Кыш жана балдар» иш-чарасы өтүп жатат
Учурда окулуп жатат
15:36, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (72 адам окуп жатат)
Кычыраган суукта Ат-Башынын эли нааразычылык акциясына чыгышты. Видео
16:28, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (54 адам окуп жатат)
Эродүйнө: Биринчи түн же турмуш курууга даярданып жаткан кыздарга кеңеш
13:03, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (38 адам окуп жатат)
«Курсак курулдап, нанга жетпей...»: 1990-жылдардагы жашоо эсиңиздеби?
14:17, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020 (27 адам окуп жатат)
Коронавирус: Кытайдагы кыргызстандык студенттер эмне дейт?

Саимаитини өмүрүмдө көргөн эмесмин, Сопоковдун уулу — жардамчым кызматынан өзү кетти, - депутат

На русском
13:10, Жетинин айынын жыйырмасы, 2019 549
Төрөбай Зулпукаров
Төрөбай Зулпукаров

Баракелде -  Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурунку башкы консулу Эркин Сопоковдун уулу Азамат Мамасалиев Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун жардамчысы болуп иштеген. Депутат Э.Сопоков менен мамилеси жана мурунку жардамчысы тууралуу айтып берди.

Депутат менен болгон маектин видеосун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу жарыялады.

Т.Зулпукаров мурунку жардамчысы тууралуу: «Мурда УКМКнын 9-башкармалыгында иштеген экен. Ал жерден эмне үчүн кеткенине кызыгып көрдүм. Өзүнүн каалоосу менен кеткен экен. Соттун чечими жок, эгерде соттун чечими жок болсо, бир адамды кылмышкер деп эсептөөгө журналисттин да, депутаттын да, жөнөкөй жарандын да укугу жок экен. Ошондуктан эгерде соттуулугу жок болсо, ар бир жаран кайсы бир мамлекеттик органдарда иштегенге толугу менен укугу бар», - деди.

- Эмне үчүн Стамбулдагы башкы консул кызматынан бошотулгандан кийин уулу — сиздин жардамчыңыз да кызматынан кетти?

- Биринчиден, аны биз кетирген жокпуз, өз арызы менен кетиптир. Ал боюнча биз кийин уктук. Атасы тууралуу массалык маалымат каражаттарына маалымат чыгып кеткенден кийин кетти. Андан кийин өзү менен жолугуп, сүйлөшө элекмин. Чакырып, жолугуп, кызыгып сурап коюш керек экен.

Биздин катчылыкта юрист-консультант болуп иштеп жүргөндө дагы, менин жардамчым болуп жүргөндө дагы сөгүш алган эмес. Атасынын окуясынан кийин эле өзү кетти окшойт.

- Атасынын ишине байланыштуу баласы кызматтан кеткени туурабы?

- Мыйзам боюнча туура эмес. Тартип бузуу, мыйзам бузуу болбосо аны жумуштан кетирүүгө укугубуз жок болчу. Азамат Эркинович өзүнүн арызы менен кетти. Жеке өзүнүн каалоосу менен кеткендиктен биз бир нерсе дей албайбыз. УКМКдан да, биздин катчылыктан да өз арызы менен кетти.

- Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саимаити менен башкы консулдун, башкы консулдун баласы менен депутаттын байланышы бар экен деп сизге сөз тийип жатат. Эркин Сопоков же Саимаити менен байланышыңыз барбы?

- Эркин Сопоковду тааныйм, ал менин кесиптешим Эгемберди Эрматовдун күйөө баласы. Айеркен Саимаитини өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ал киши Кыргызстанда анча-мынча бизнес кылып жүргөнүн массалык маалымат каражаттарынын угуп калып жатабыз. Аны эл катары эле массалык маалымат каражаттарынан эле билдик. Эркин Сопоковду Эгемберди Эрматовдун көзү өткөндөн кийин тааныбайм деп койсом туура эмес болуп калат, бул жигитчиликке жатпайт. Тааныштыгым бар, бир эле күйөө баласы менен эмес, Эрматовдун балдары, аялы менен байланышты үзгөн эмесмин. Үзбөйм го деген оюм бар. Анткени Эгемберди Эрматов мага устат, жакшы адам катары жүрөгүмдө калган инсан. Бул жеке үй-бүлөлүк мамиле.

- Саимаитинин өлүмүнө байланыштуу иликтөөлөр, талаш-тартыштар Кыргызстандын имиджине шек келтирди деп ойлойсузбу?

- Сөзсүз шек келтирди. Эркин Сопоков Кыргызстандын дипломатиялык номурун мыйзамсыз берген болсо, имиджге шек келтирген жок десек туура эмес болуп калат. Ким тартип, мыйзам бузса мыйзамдын алдында жооп бериши керек.

---------------------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Ишкер өлтүрүлгөн жерден Эркин Сопоковго таандык 34 CC 2902 консулдук номуру тагылган «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаа табылган.

Эркин Сопоков «Рендж Ровер» үлгүсүндөгү унаасы эмне үчүн Кытайдын жараны — ишкер Айеркен Саимаити өлтүрүлгөн жердин жанынан табылганын түшүндүрө албаганын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкен.

Кызматтык милдеттерин так аткарбаганы, «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы тууралуу» мыйзамдын жана Дипломатиялык байланыштар боюнча Вена конвенциясынын жобосун одоно бузганы үчүн Эркин Сопоковду кызматынан бошотуу тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго сунуштама берилген.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком