19:11, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

С.Жээнбеков Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директорун кабыл алды

На русском
20:07, 19 жетинин айы 2019 47

Баракелде -  Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-ноябрда «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумунун ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өлкөдө биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы ийгиликтүү кызматташууну канааттануу менен белгиледи. Кыргыз тарап кызматташуунун жаңы приоритеттүү багыттарын аныктоого кызыкдар экендигин айтып өтүштү.

«Андрей Широков мамлекет башчысын «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» жогорку деңгээлдеги донордук форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. Форумда айтылган жана талкууланган бардык демилгелер ишке ашырылып, иш жүзүндө колдонулушун каалады. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду ирригациялык түйүндөрдү жаңылатуу, республиканын калктуу пункттарын таза суу менен камсыз кылууну жогорулатуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууну колдой турганын, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагында, анын ичинде биринчи жардам көрсөтүү системасын жакшыртуу долбоорлоруна өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

Тараптар ошондой эле автоунаа жолдорун куруу жана реабилитациялоо, гидроэнергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуунун келечегин, социалдык тармактардагы долбоорлорду ишке ашырууга гранттарды бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком