02:59, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020170 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Өзбекстандык мигрант Украинанын президентинин ролун аткарат

На русском
17:52, Жетинин айынын он тогузу, 2019 229

Баракелде -  Украинанын президенти Владимир Зеленскийге окшош өзбекстандык Умид Исабаев анын ролун аткарат. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда «Telegram» каналында айтылды.

Исабаевге Украина тууралуу 4 сериялык тасмага тартылууну сунушташкан. Умид сценарийди окуп, келишимге кол койгон.

Буга чейин Умид Исабаев Өзбекстандан Москва шаарына барып, автомаляр болуп иштеп жатканын айткан. Аны метродо кетип бара жаткан учурда белгисиз адам сүрөткө тартып алган.

«Мен Зеленский ким экенин билчү эмесмин. Досторум 2016-2017-жылдары сен куудул Зеленскийге окшошсуң деп айтып калышчу. Качан ал президент болгондо мен аны тааныдым», - деген Умид.

Аны эфирлерге чакырып, жарнамаларга тартып башташкан. Исабаев өзү «Комеди Клаб» юмордук шоуда эмгектенүүнү кыялданат. Ал аталган юмордук шоунун резиденти Гарик Мартиросянга кайрылып, аны командага кошууну суранган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком