13:09, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кыргызстанда акыркы 10 айда гепатит В боюнча 204 учур катталды

На русском
22:08, 19 жетинин айы 2019 59

Баракелде -  Кыргызстанда акыркы 10 айдын ичинде гепатит В дарты боюнча 204 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылы 275 учур катталган. Ага салыштырмалуу быйыл гепатит менен ооругандардын саны 27,3 пайызга кыскарган.

Гепатит В оорусу менен ооругандардын 98 пайызы 20 жаштан жогорку жарандар. Ал кан, шилекей аркылуу жугушу мүмкүн. Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

«2000-жылдан бери гепатит В оорусун алуу алуу максатында ымыркайларга эмдөө жүргүзүлүп келет. Анын жыйынтыгы менен эмдөөнүн толук курсун өткөндөр 16 жашка чейин оорушпайт», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком