13:30, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020
13:13, Үчтүн айынын жыйырма беши, 20209 Бишкекте 2 унаа кагышып, жүргүнчү жабыркады
13:03, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202059 Сүрөт — Алайда памирлик боордоштор сабатын жоюуда
12:15, Үчтүн айынын жыйырма беши, 202052 Кытайда жаңы вирус жуктурган дарыгер каза болду
Учурда окулуп жатат
12:06, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (128 адам окуп жатат)
Аялын 41 жолу бычактап өлтүргөн Эрмектин иши боюнча жаңы жагдайлар
10:40, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (79 адам окуп жатат)
«Уурулар сабап, баспай калдым»: Ооруга моюн сунбаган жетекчинин баяны. Видео
10:28, Үчтүн айынын жыйырма беши, 2020 (51 адам окуп жатат)
Коронавирустун жаңы түрүнөн кантип сактануу керек? Дарыгерлерден кеңеш

Метродогу жардыруу: Кыргызстанда төрөлгөн айыпталуучуну өмүр бою эркинен ажыратууну сурашты

На русскомEnglish
12:50, Жетинин айынын он тогузу, 2019 196

Баракелде -  Прокурорлор Россиянын Санкт-Петербург шаарында метродогу жардырууга айыпталып кармалган Аброр Азимовду өмүр бою эркинен ажыратып, 1 млн рубль айып салууну сурашты. Бул тууралуу «Фонтанка» басылмасы жазды.

Кечээ, 18-ноябрда аскердик сотто метродогу жардыруу боюнча тараптардын жарыш сөзү угулуп баштады. Мамлекеттик айыптоочулар Кыргызстанда төрөлгөн 29 жаштагы Аброр Азимовду теракт жасоо, жардырууга даярдануу, террористтик уюмга кошулуу, ошондой эле куралды жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча күнөөлүү деп табууну суранышты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Азимов 2016-жылы Россияда тыюу салынган «Жамаат Таухид валь-Жихад» уюмуна мүчө болгон.

«Ал Ахмат кайнама аттуу адам менен мессенджер аркылуу байланышып, Түркияда жолугушуп, андан акча алып, Акбаржон Жалиловдун банк картасына жөнөтүп турганы айтылды», - деп жазды басылма.

Өзүн кошо жардырган деп болжолдонгон адам теракттын алдында Азимовдун инилеринин бири менен байланышып, андан кеңеш алган. Кылмыш иштин материалдарында телефон сүйлөшүүлөрдүн өзбек тилинен котормосу бар. Эксперттер анын бири Аброр Азимов экенин айтышкан. Ал эми Азимов өзү Жалилов менен тааныш эмес экенин билдирип, террористтер менен байланышын кыйноолордон улам айтканын кошумчалады.

Өз кезегинде мамлекеттик айыптоочулар текшерүү учурунда ал кыйноого алынганы тастыкталбаганын билдиришти.

-----------------------------------------------------------------------

2017-жылдын 3-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы «Технологиялык институт» жана «Көк аянт» метролорунун ортосунда жардыруу болгон. Жардыруудан 15 адам каза болуп, 102 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Тергөө комитети жардырууну уюштурган кишинин атын атаган, ал — Россиянын 1995-жылы туулган жараны Акбаржон Жалилов.

Ошондой эле шектүү катары Жалал-Абад облусунда туулган Аброр Азимов кармалган. Ал 2013-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, Россиянын жарандыгын алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком