14:29, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

1 сааттык той, келинге тагылган коңгуроолор: Кочкордогу дунгандардын жакшылыктары кандай өтөт?

09:18, 19 жетинин айы 2019 98

Баракелде -  Дүйнө жүзүндөгү улуттардын салт-санааларында ар кандай өзгөчөлүктөр бар. Али Маджанчинов Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кочкор районунда жашап жаткан дунган улутундагы замандаштарыбыздын кыз узатуу, келин алуу тоюндагы өзгөчөлүктөр менен тааныштырды.

«Алгач дунган улутунун келип чыгуу тарыхына кайрылсак, атабыз араб улутунан, апабыз кытай улутунан болушкан экен. Бул эки улуттан дунган улуту чыккан. Ошондуктан биздин тилибиз кытай тилине окшош. Келин алуу, кыз узатуу жакшылыгы боюнча айткым келип турат. Көпчүлүк тааныштар биздин ушул жакшылыгыбыздагы өзгөчөлүктөрдү кызыгуу менен угушат.

Эгерде үйдө эркек бала болсо, анын ата-энеси баласын үйлөнтүү аракетин эртелеп көрө башташат. Мисалы, жыл сайын алтын шакек, сөйкө жана башка буюмдарды ала берет. Бул бала үйлөнгүчө көп топтолот. Бирок шарты болсо алтын буюмдардын баарын алып коет. Кыз күйөөгө чыгарда кызыл өңдөгү кийим кийип, чачын жеңелери жана эжелери жасалгалап, кооздуктарды тагышат. Кызын күйөөгө узатып жаткан ата-эне аны бардык мезгилге ылайыктап кийимдин түрү менен камсыз кылышат. Мындан сырткары кыздын себине тиричиликке керек буюмдар берилет. Үйлөнгөн жаштар кийин өз алдынча жашаганда муктаждык болбосу зарыл. Тойдун узактыгы 1 саат гана болот.

Үйгө жаңы келген келиндин чачынын учуна, шымынын этектерине күмүштөн коңгуроо тагылат. Коңгуроолор кагылганда келин келе жатат дегенди түшүндүрөт. Келин кайын атасынын алдынан өтпөйт. Бул келиндин кайын атасын сыйлагандык болуп эсептелет. Келинди отко чакырганда да күмүш коңгуроолорду тагынып барат. Улуттук колориттеги сөйкө тагылат», - деди ал.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком