16:04, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Москвада кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды

На русскомEnglish
10:28, 18 жетинин айы 2019 244

Баракелде -  Россиянын Москва шаарында 29 жаштагы кыргызстандык жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу «Москва» маалымат агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматтарга караганда, жансыз дене 14-ноябрда Брестс көчөсүндөгү контейнерден табылган. Кыргызстандык жаран түрдүү жумуштарда иштеп келген.

«Денеси чирип, көзүнөн жана оозунан кан агып калган. Ал жаран 4 күн мурун каза болгон. Анын жанында алкоголдук ичимдиктин бөтөлкөсү жаткан», - деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза каза болгон жарандын кабыргасы сынып, өпкөсү тешилгенин болжолдоду. Дене өлүкканага жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком