04:25, Үчтүн айынын жыйырма сегизи, 2020
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20202483 Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
21:19, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020167 Юрий Краковецкий Израилдеги турнирде 7-орунга ээ болду
21:05, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201277 Панфиловдогу арыктын «картасын» түшүргөн эшек
20:07, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 20201267 Сокулуктагы ооруканада дарыгерлер мушташты
19:59, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020686 Россияда кыргызстандык мигранттар кармалды
Учурда окулуп жатат
11:21, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (14 адам окуп жатат)
Өзгөчө ысым: Атыма тили келбегендер бар, - Ысык-Көлдүн тургуну
22:00, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (4 адам окуп жатат)
Гинекологиялык сөздөрдүн кыргызча айтылышы
10:41, Үчтүн айынын жыйырма жетиси, 2020 (3 адам окуп жатат)
Түндө туулган күн белгилеп, кафеде жулмалашкан айымдар

Ирандыктар күйүүчү майдын баасынын жогорулашына каршы митингге чыгышты

На русском
10:05, Жетинин айынын он сегизи, 2019 99

Баракелде -  Иранда күйүүчү майдын баасы жогорулагандыктан, жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты. Баш аламандыктан жабыркап, каза болгондор бар экенин «РИА Новости» басылмасы билдирди.

Сиржан шааарында митингге чыккандар бир нече май куюучу жайды өрттөгөн. Айрымдары жергиликтүү нефть сактоочу жайга чабуул жасоого аракет кылышкан.

«Алар көзөмөл өткөрмө пунктка кирип келишти. Көбү бычак, таяк менен куралданып алышкан. Мен өзүм ал жерде болчумун. Көзөмөл өткөрмө пунктка 2 жолу кол салышты», - деди Сиржан районунун жетекчиси Мохаммад Мохаммадабади.

Ал эми Бехбахан шаарында банктын имараты толугу менен күйүп кеткен. Митингчилер петарда ыргытышкан. Күйүүчү майдын жогорулаган баасына нааразы болгондор Тегеран, Мешхед, Шираз шаарларында митинг өткөрүштү. Жума күнү Ирандын бийлиги бензиндин баасын эки эсеге көтөргөн.

«Мен Шираздан болом. Тегеренга иштөө максатында баргам. Дайыма үй-бүлөмө Ширазга барып турам. 60 литр деген эмне? Бул Ширазга барып кайра Тегеранга кайтчу жол. Бул туура эмес», - деди Ирандын жашоочусу.

«Мен таксистмин. Жаңы реформа мага түздөн-түз тийиштүү. Бул жаңы эрежелерди тездик менен киргизбеш керек. Жок дегенде бизге эскертиш керек болчу», - деди жергиликтүү тургун.

Ал эми Ирандын бийлиги баанын жогорулашы экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө байланыштуу экенин билдирген. Мындан тышкары түшкөн каражаттар жашоо-шарты начар үй-бүлөлөргө жумшалат.

Баш аламандыкка байланыштуу Ирак менен чектешкен чек ара убактылуу жабылды. Иракта дагы октябрдын башынан бери экономикалык абалга байланыштуу митингдер токтобой келет. Иракта баш аламандыктын кесепетинен 300 адам каза болгон.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком