02:25, Үчтүн айынын он тогузу, 2020
21:00, Үчтүн айынын он сегизи, 2020158 Ак-Сууда жолбун иттер атылууда. Сүрөт
20:55, Үчтүн айынын он сегизи, 20201349 Гепатит кантип билинет? Ооруну алдын алабыз
20:11, Үчтүн айынын он сегизи, 2020130 Кыргызстандыктар көп чалдыккан оорулар

Унаасын ишеним кат менен сатып, айып пулдун катын алып жаткан жарандардан 10 миңден ашык кайрылуу болгон

На русском
09:01, Жетинин айынын он сегизи, 2019 369
"письмо счастья"
"письмо счастья"

Баракелде -  Автоунаасын ишеним кат менен сатып, кайра өзүнүн атына айып пул тууралуу маалымат келип жаткан жарандардан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына 10 миңден ашык кайрылуу түштү. Бул маалыматты башкармалыктын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.

«1 миңдей адамга унааны табууга жардам көрсөттүк. Эми унааны кайрадан каттоодон өткөрүү жарандардын өз ара мамилесинен», - деп түшүндүрдү ал.

Башкармалык мындай унааны айып короого киргизүүгө укуктуу эмес. Ал эми автоунааны соттун токтому менен издөөгө алууда мыйзамсыз тартып алган факт болушу керек. Мисалы, уурулук.

Ал эми унааны жеке келишим менен сатуу жарандардын өз ара мамилесине байланыштуу экенин айтып, айып пул тууралуу кат унаа катталган адамга жөнөтүлө турганын белгиледи.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком