00:51, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Сүрөт — «Карек» кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды

На русском
21:05, 17 жетинин айы 2019 70

Баракелде -  14-15-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында IV республикалык «Карек» балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган кинофестиваль министрликтер жана фонддордун колдоосу менен ишке ашты. Бул жылы өлкөнүн бардык аймактарындагы 10-17 жаш аралыгындагы жаш режиссёрлордон жалпы 56 кыска метраждуу тасма келип түшүп, тандоо турунун жыйынтыгында 25 тасма тандалып алынган.

- «Мыкты көркөм тасма» наамына — Алина Кошматованын «Кат» тасмасы;

- «Мыкты даректүү тасма» наамына — Элмырза Алмазбековдун «Менин сүйгөн кесибим» тасмасы;

-«Мыкты анимациялык тасма» наамына — Бектемир Пратовдун «Бул биздин көйгөйлөр эмес» тасмасы;

- «Мыкты режиссер» наамына — Элнура Асанбекованын «Жакшы кал» тасмасы;

- «Мыкты оператор» наамына — Дастан Дайырбековдун «Жакшы кал» тасмасы менен Кубанычбек уулу Элдиярдын «Кыял» тасмасы;

- «Мыкты сценарист» наамына — Таалайбек кызы Алтынайдын «Апа» тасмасы;

«Мыкты монтажер» наамына — Айдана Өскөнбаеванын «Оберег» тасмасы;

- «Мыкты актер» наамына — Жаныбек Мелдешбековдун «Акбар» тасмасы;

- «Калыстардын атайын сыйлыгы» наамына — Алмаз Жумадилов менен Бактияр Кубанычбек уулунун «Алмаз» тасмасы ээ болду.

Ошондой эле бардык номинациялар боюнча жеңишке жеткен балдарга ноутбуктар, уюлдук телефондор жана фотоаппараттар ыйгарылып, эң мыкты болуп табылган үч катышууга фестивалдын атайын статуэткалары да берилди.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком