13:56, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Кара-Көлдө кыз-жигиттин таштанды жайында жолугушуусу биринин өлүмү менен аяктаган

На русском
16:36, 16 жетинин айы 2019 416

Баракелде -  Кечээ, 15-ноябрда Кара-Көл шаарында «Жаркын келечек — жаштарды колдогон өлкө» аталыштагы иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул иш-чарага шаардын мэри Ильяз Еркеев, шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев жана мугалимдер, 14 жаштан жогорку курактагы окуучулар, студенттер катышты.

Шаар мэри жана төрага жаштарга шаардагы болуп жаткан терс көрүштөрдү мисалга алуу менен бирге жакшы нерселерге үгүттөп, акыл-насаат айтышты.

«Урматтуу жаштар, бирөөнү коркутуп алган акчаңарга сатып алган тамагыңар аш болбойт. Арам болот. Мына жакында 11-класстагы кыз менен бала таштанды таштоочу жайга жолугушууга чыгып, кыз каза болуп калды (Толугу менен бул шилтемеде). Жолугушууга башка жер таппай калгансып, ошол таштанды таштоочу жайга барышкан да. Ооба биз түшүнөбүз. Бул табигый көрүнүш достук, сүйүү болот. Мындай мезгилден биз да өткөнбүз. Бирок сиздерден сураныч, билим алууга умтулгула. Эң негизгиси татыктуу билим алып, ардактуу кесиптин ээси болсоңор буйруса келечегиңер кең болот. Чоң класстын балдар-кыздары түн ичиндеги жолугушууңарды токтоткула. Өзгөчө таштанды таштоочу жайга барбагыла. Ата-энеңердин жүрөгүн оорутпагыла.

Мына жакында Кара-Көл шаарынын тарыхында эң оор кылмыш катталды десем болот. Бул жаш кызды өгөй атасы 15 жашынан баштап зордуктаган (Толугу менен бул шилтемеде). Ошондуктан кыздар, балдар, өзгөчө кыздар этият болуп, туура эмес мамилелерди байкап калсаңар тийиштүү жерлерге же ата-энеңерге, мугалимдерге билдиргиле.

Мына канча жакшынакай олтургучтарды сындырып жатасыңар. №4 мектептин балдары деп жатышат, дагы тактайбыз. Жаңы курулган балдар ойноочу аянтчадагы айланмага 15 бала олтуруп алып, сындырып койгон.

Эс алуу сейил багынын кароолчусун таш менен уруп качышкан. Азыр мунун баары такталып жатат. Балдар шаардагы жасалып жаткан иштер сиздердин жаркын келечегиңер үчүн жасалууда. Билсеңер, ата-энеңердин акчасына курулуп жаткан нерселер. Шаарды да өз үйүңөрдөй көрүп, көздүн карегиндей сактайлы. Өнүктүрөлү, көрктөндүрөлү», - деди Ильяз Еркеев.

Андан кийин шаардык кеңештин төрагасы Бакытбек Кыргызалиев мэрдин айткан сөздөрүн колдоп, төмөнкүлөргө токтолду.

«Мына мэрибиз мектептер аралык уруштарга, зордук-зомбулуктарга токтолуп кетти. Урматтуу окуучулар, мен силерди ыймандуулукка, ынтымакка чакырып кетет элем.

Мэрибиз мээни билимге суугарышыбыз керек деп айтты. Ар бир кесиптин ээси болуш керек. Ар бир кесиптин ээси болууга дагы билим керек. Ошондуктан билимди азыртадан мугалимдерден алып калбасаңар, эртең кеч болот. Биздин келечек кенен, биздин жаштар билимдүү, илимдүү болот деп ишенем.

Союз учурунда металл чогулканбыз, деталь тизип мамлекетке салым кошконбуз. Бүгүн силерде андай жок. Силерде демократия, балдардын укугун коргоо деген бар. Бирок силер да өзүңөрдүн коомго болгон толук кандуу милдетиңерди унутпагыла. Мына мен шаардык кеңештин төрагасы катары өз милдетимди, укугумду кудайдын берген сыноосу катары аткарып келе жатам.

Эртеңки келечекте силер бир нече тилди сүйлөгөн билимдүү, мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошкон ыймандуу жаштардан болушуңарга тилектешмин», - деди төрага Б.Кыргызалиев.

Иш-чаранын алкагында татыктуу тарбия жана үзүрлүү эмгеги, коомдук иштерге активдүү катышкан мугалимдер, үлгүлүү окуучулар мэриянын жана шаардык кеңештин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Быйылкы жылы 28-октябрда КРнын өкмөтүнүн №562 токтому менен 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын Концепциясы бекитилген. Анын максаты жана приципи жаштарды өнүктүрүүнүн эффективдүү системасын түзүү, активдүү жарандык позициясын өнүктүрүү жана жаштарга жашоодогу баалуулуктарга жол көргөзүү, ошону менен бирге эле ата мекенге болгон патриоттуулук сезимин ойготуу болуп саналат. Жогорудагы өткөрүлгөн иш-чаранын максаты да ушул багытты көздөйт.

Иш-чарада Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиянын информатика мугалими, жаштар мектебинин мүдүрү Калпакбаев Мирлан мырза «Мамлекеттин өнүгүшүнө кандай салым кошо аласың?» деген темада баяндама окуп, жаштарга азыркы учурда дүйнөдө 193 мамлекет, 4500 улут бар экенин, эмне үчүн улут менен мамлекеттин саны барабар эместигин, анткени мамлекет болуш үчүн эң негизгиси жер, эркиндик жана бийлик керек экенин айтып берди.

Ошондой эле шаар жаштарынын арасында топтор түзүлүп, алар террористик уюмдар сыяктуу аталып жатышы туура эмес экенин түшүндүрдү.

«Топторуңардын атын кыргызча маанилүү аталыштардан, мисалы "Манас" өңдүү аталышта атап, коомдук жайлардагы отургучтарды сындырбай, бүлүндүрбөй, ар кандай боёктор менен жазбоого чакырабыз. Анткени анын баары биздин жаркын келечек үчүн жасалып жатат. Аны менен бирге улуу муундан кийинки муунга айтылып, таасирленип келе жаткан жаман адатты өзүбүзгө таңуулабайлы.

Мисалы, бир иш-чарага кечигип же акырында барып калсак, биз эми кыргызбыз, бул жагы кыргызча болуп кетти деген сөздү алалы. Бул бизге таңууланган, атайын берилген, кыргызды жок кылуучу идеялогия. Ошону мындан ары колдонбой эле коелучу», - деди Мирлан Калпакбаев.

Мындан сырткары иш-чаранын алкагында таштандыларды тазалоо, маалымат сайттарын ачуу, мекенди сүйүү, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка жол бербөө өңдүү бир катар презентациялар жаштар тарабынан тааныштырылып, концерттик программалар менен коштолуп жатты.

Бул иш-чара 10-ноябрь — Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана 17-ноябрь — Студенттер күнүнө карата уюштурулду.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком