14:10, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкек—Ош жолунда 9 айда 85 адамдын өмүрү кыйылды

16:29, 16 жетинин айы 2019 57
Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Баракелде -  Быйыл 9 айдын ичинде Бишкек—Ош унаа жолунда 494 жол-транспорт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 85 адам каза болуп, 989 адам жабыркады. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин маалыматында айтылат.

Маалыматка караганда, Кыргызстанда 9 айда 200дөн ашык жол кырсыкка мас айдоочулар себеп болуп, 31 адам көз жумду.

«Быйыл 9 айда 500дөй жол кырсык унаа башкарууда тажрыйбасы 1 жылга чейинки айдоочулардын күнөөсүнөн улам болду. Бул айдоочулук күбөлүктү этап боюнча берүүнүн маанилүүлүгүн белгилейт», - деп айтылат маалыматта.

Жыл сайын 1 миңдей адам жол кырсыктан каза болот. 2019-жылы өлкөдө жол кырсыктан 68 жаш баланын өмүрү кыйылды.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком