00:51, 8 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Бишкекте адам укуктары боюнча 22 даректүү тасма көрсөтүлдү

20:06, 17 жетинин айы 2019 93

Баракелде -  Бишкек шаарында 11-15-ноябрь күндөрү он үчүнчү «Бир дүйнө Кыргызстан» аталышындагы эл аралык кинофестиваль өттү.

Уюштуруучулардын билдирүүсү боюнча, аталган фестивалга АКШ, Россия, Швейцария, Афганистан, Австрия, Финляндия, Сербия, Испания, Түркия, Канада, Польша, Грузия, Германия, Франция, Италия, Нидерландия, Япония жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн режиссерлору адам укуктары боюнча 22 даректүү тасма тартуулашты.

Тасмаларда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, мигранттардын балдары, качкындардын көйгөйлүү маселелери тууралуу айтылат.

Ал эми 15-ноябрда эл аралык фестивалдын жабылыш аземи өтүп, анда жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.

Эл аралык «Бир дүйнө» фестивалы 2007-жылдан бери өткөрүлүп келет. Негизги максаты — даректүү тасмалар аркылуу адамдын укуктарын, эркиндигин көрсөтүү.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком