13:09, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Жээнбеков менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү

16:18, 16 жетинин айы 2019 63

Баракелде -  Бүгүн, 16-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

«Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, 2020-жылдагы Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылынын жана ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте өтө турчу Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясынын алкагында иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинден куттуктоо телеграммасын алган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком