18:53, 10 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Саимаитинин өлүмү: Дагы бир шектүү кармалып, ишкер өлтүрүлгөн курал табылды (видео)

На русском
15:10, 16 жетинин айы 2019 1257
Айеркен Саимаити
Айеркен Саимаити

Баракелде -  Стамбулдун Пендик районунда ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип дагы бир жаран кармалды.

«Хаберлер» басылмасынын маалыматы боюнча, шектүү Нормакхаматтан далил буюм катары маркум өлтүрүлгөн курал табылды.

Айеркен Саимаитинин өлүмү боюнча козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

---------------------------------------------------

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

---------------------------------------------------

Буга чейин Ишкер Айеркен Саимаитинин өлүмүнө шектелип 3 адам кармалган. Алар Түркиянын аймагынан чыгып, Сирияга кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттары билдирген.

Кылмыш болгон жерде үч шектүүнүн жүргөнү видеокамерага тартылып калган. Ошондой эле камерага алардын унаасынын номуру түшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө Адана облусунан Хусейн Ахметалиев, Абдулла Энвер жана Али Исбе аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөр кармоо учурунда карыз акчалары бар экенин айтышкан. Ошондой эле алар унаа кайсы жерге катылганын көрсөтүп беришкен болчу.

---------------------------------------------------

Кийин кармалган 2 шектүү Кыргызстандын жарандары эмес экенин Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкен.

«Бирдиктүү мамлекеттик реестр боюнча, адам өлүмүнө шектелгендер Кыргызстандын жарандары эмес жана буга ылайык Кыргызстандын жаранынын паспортун документ катары алган эмес», - деп айтылат маалыматта.

---------------------------------------------------

ИИМ Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саимаити боюнча расмий билдирүү тараткан.

Издөөгө алынган Саимаити Кыргызстандын 1982-жылы туулган жараны Самятов Эркин Салимовичтин атына мыйзамсыз берилген паспортту (ID-карт, жалпы жарандык паспорт) колдонуп жүргөнү аныкталган. Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы быйыл июль айында Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.А.га Жазык кодексиндеги 330-берене (паспортту мыйзамсыз берүү) жана 320-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, иш облустук сот органдарына жөнөтүлгөн.

Түркиянын Стамбул шаарында 10-ноябрда кечинде ишкер Айеркен Саимаитини атып өлтүрүп кетишкен. Анын ысымы Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөөдө айтылган болчу.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком