14:28, 9 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

Ташкентте Кыргызстан менен Казакстандын министрлери жолугушту

17:55, 16 жетинин айы 2019 53

Баракелде -  Кечээ, 15-ноябрда Ташкент шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстандын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары эки тараптуу кызматташуунун күн тартибин карап чыгып, кыргыз-казак өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты.

«Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин ушул жылдын ноябрь айынын аягында Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын даярдоо боюнча пикир алмашышты. Сапардын уюштуруучулук-протоколдук маселелерине жана мазмундуу бөлүмүнө тараптардын өзгөчө көңүлү бурулду.

Сүйлөшүүлөр Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алкагында болуп өттү», - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком