16:04, 13 бештин айы 2019
Доска Авто Недвижимость Компании Кто есть кто Мнения читателей Ойно Работа Справочник АКИ-TV Баракелде Булбул

«Ошону көрүп туруп кантип ушул жолго барайын?...»: Сооронбай Жээнбеков 61 жашта

11:41, 16 жетинин айы 2019 6783
Президент С.Жээнбеков ишембиликте
Президент С.Жээнбеков ишембиликте
// Президенттин басма сөз кызматы

Баракелде -  Бүгүн, 16-ноябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 61 жашка чыкты. Өлкө башчыга чет өлкөлөрдүн президенттери куттуктоо жөнөтүп жатышат.

Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Ал президенттик кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришкен.

353791.ad7581ee677cbe0f01fd9aecfc1c9792

Сооронбай Жээнбеков жубайы Айгүл менен 2 баланын ата-энеси. Кызы Бактыгүл 2016-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин («Республика — Ата Журт») уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.

Ошондой эле С.Жээнбековдун Ыйманбек аттуу уулу бар.

2018-жылы 19-декабрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда маалымат жыйын өткөргөн болчу. Анда бир туугандары тууралуу да айтып берген.

«Үй-бүлөлүк башкаруу боюнча регион, облустарга барганда айтып, элге түшүндүрүп жатам. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхын жакшы билем, Жогорку Кеңешке 3 жолу депутат болдум. Ошону көрүп туруп кантип ушул жолго барайын? Мен үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм.

Ачык айтып, бир туугандарымды тааныштырайын. Биз 11 бир тууган болчубуз, учурда сегизибиз калдык. Эң чоңубуз Кантөрө Шарипович, ал илимдин доктору. Биринчи жолу Жалал-Абадда коммерциялык жогорку окуу жай ачып, көп жылдар бою ректорлук кызматты аткарды. Эгинчи агам математик мугалим. Андан кийин эжем, ал медик, Бишкектеги поликлиникада иштейт. Окууну бүткөндөн бери поликлиникада эмгектенет. Андан кийинки агам 2017-жылдан бери элчи болуп сыртта жүрөт. Ал мен президент болгондон бери өлкөгө келгенден коркуп калды. Андан кийинкиси прокурор агам, анын көзү өтүп кетти. Агамдан кийин мен. Ал эми карындашым дипломаттын жубайы. Андан кийин өзүңүздөр билген Асылбек Шарипович. Андан кийинки карындашым айылда өз иши менен алек. Кичүү иним токой чарбанын директору болгон. Ал учурда атабыздын конушунда жашап, мал чарба, дыйкан чарба менен алек», - деген С.Жээнбеков.

Билими:

1977-1983 — жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институту, адистиги: зооинженер.

- 2003-жылы Кыргыз агрардык университети, экономикалык факультет, адистиги: бухгалтер.

Эмгек жолу:

-1976-1977-жылдары Ош облусунун Өзгөн районунун Ленин атындагы орто мектебинде мугалим (орус тили сабагынан);

- 1977-1983-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин студенти;

- 1983-жылдын ноябрь айынан 1988-жылга чейин Ош облусунун Совет районунун «Совет» совхозунун зоотехниги;

- 1988-жылдын ноябрынан тарта 1989-жылга чейин Ош облусунун Совет районунда райкомдун инструктору;

- 1989-жылдын августунан 1991-жылга чейин Ош облусунун Ульянов атындагы совхозунда парткомдун катчысы;

- 1991-1993-жылдары Ош облусунун Совет районунун Ульянов атындагы совхозунда директор;

- 1993-жылдын май айынан тарта 1996-жылга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кашка-Жол колхозунда жетекчи;

- 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышында депутат;

- 1996-1997-жылдары Жогорку Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комитетинин жетекчисинин орун басары;

- 1997-2000-жылдары Жогорку Кеңештеги Агрардык маселелер боюнча комитеттин жетекчиси;

- 2000-жылдын апрелинен тарта 2005-жылдын мартына чейин депутат, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары;

- 2005-жылдын март айында Жогорку Кеңештин III чакырылышына депутат болуп шайланган;

- 2006-2007-жылдары Жогорку Кеңештин агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасы;

- 2007-жылы 3-апрелде Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри болуп дайындалган;

- 2007-жылы 24-октябрда Кыргызстандын жаңы баш мыйзамын кабыл алууга байланыштуу аталган кызматынан отставкага кетип, жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин министрдин милдетин убактылуу аткарып турган;

- 2007-жылы 27-декабрда президент К.Бакиевдин жарлыгы менен Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министр кызматынан Кыргызстандын конституциясынын 46-беренесинин 1-пунктунун негизинде кеткен;

- 2008-жылдын январь айынан 2010-жылдын апрелине чейин жеке ишкер;

- 2010-жылы Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучусу;

- 2010-жылы Кыргызстандын президенти Р.Отунбаеванын жарлыгы менен Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы болуп дайындалган;

- 2012-жылдын 16-августунда Кыргызстандын премьер-министри Ө.Бабановдун буйругу менен өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

- 2015-жылдын 11-декабрында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси болуп бекитилген;

- 2016-жылдын 23-мартында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган;

- 2016-жылы 12-апрелде КСДПК парламенттик фракциясы С.Жээнбековду премьер-министр кызматына талапкер кылып көрсөткөн;

- 2016-жылы 12-апрелде КСДПК, «Кыргызстан», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары С.Жээнбековдун өкмөт башчылыгына талпкерлигин жактырган;

- 2016-жылы 13-апрелде «Республика - Ата Журт» жана «Бир бол» фракциялары С.Жээнбековдун премьер-министр кызматына талапкерлигин кабыл алган;

- 2016-жылы 13-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министр кызматына талапкер болгон С.Жээнбековдун долбоорлорунун программасын, түзүмүн жана өкмөттүн курамын бекитишкен (добуш берүү электрондук түрдө ачык өткөрүлгөн. Өкмөттүн программасы үчүн катталган 115 депутаттын 113,2 «макул» десе, түзүмгө 115 добуш берилген, министрлер кабинетине 115 добуш берилген;

- 2016-жылы 13-апрелде президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп дайындалган.

- 2016-жылдын 3-ноябрында парламенттеги көпчүлүк коалиция С.Жээнбековдун талапкерлигин Кыргызстандын премьер-министри кызматына жактырган.

- 2016-жылдын 9-ноябрында Жогорку Кеңеш С.Жээнбековдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырып, өкмөттүн жаңы түзүмүн 112 депутат колдоп, 4 эл өкүлү каршы чыккан. Добуш берүү учурунда жалпы 116 депутат катталган.

- 2016-жылдын 11-ноябрында президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен КРнын Конституциясындагы 84-берененин 5-бөлүмүнө ылайык Кыргызстандын премьер-министри борлуп дайындалган.

- Өкмөт башчы катары ант берүү аземи Жогорку Кеңеште 2016-жылдын 7-ноябрында өткөн.

- 2017-жылдын 17-майында КСДПнын сасий кеңеши Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөткөн.

- 2017-жылдын 15-июлунда КСДП партиясынын XVI съездинде Кыргызстандын президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөн (С.Жээнбековду көрсөтүүгө партиянын 674 делегаты макул болуп, эч ким каршы болгон эмес);

- 2017-жылдын 4-августунда мамлекеттик тилди билгендиги боюнча тест берип, 94,6 упай (эң жогоркусу 100 упай) топтогон;

- 2017-жылдын 21-августунда өкмөттүн жыйынында Кыргызстандын премьер-министрлик укуктарын тапшыра тургандыгын билдирген;

- 2017-жылдын 21-августунда президенттикке талапкер катары катталган. БШКнын төрайымы Н.Шайлдабекова күбөлүк тапшырган.

Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком